КАН ТӨГҮЛҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Катуу кыргын болуу, өлүү. Кыялында кан төгүлүп жаткан майданга аралашты (Мырзаев). Үч жылдан бери кырылышып, кырылышып, кандары төгулүп жатат (Осмоналиев). 2. Өлүү, ажалы жетүү. Мүмкүн башың кесилип, каның төгүлөр (Жантөшев).